Бул тууралуу  Улуттук жазуучулар союзунан билдиришти:
«Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак Ордо жаңы конушундагы көчөлөргө Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун аттары берилди.

Бул боюнча чечим бүгүн 25-чакырылышта шайланган Новопавловка Айылдык Кеңешинин №34 сессиясында кабыл алынды.

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун кайрылуусун эске алуу менен ээрчишип кеткен кош таланттын элесин түбөлүккө калтыруу максатында жасаган иштери үчүн Новопавловка Айылдык Кеңешинин төрагасы Абдыраимов Куан Мирлановичке, кош таланттын ысымын ыйгаруу демилгесин сунуштаган айылдык кеңештин депутаты Сүйүнбай Таабалдиевге жана сунушту колдоп берген бардык депутаттарга терең ыраазычылык билдиребиз»-деп айтылат маалыматта