«Кыргыз Темир Жолу» МИ пандемияга карабастан товарларды ташуу иштерин технологиялык процесстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырды. Бирок, коронавирус учурлары катталган өлкөлөрдөн келүүчү товарларды ташуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Натыйжада, 2020-жылдын 25-майына карата (б.а. 1-январдан 25-майга чейин) «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан 2410894 тонна өлчөмүндө жүк ташылган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 68,4 миң тоннага көп. Өткөн 2019-жылдын көрсөткүчү 2,342,543 тонна болгон. Ошондой эле, 2020-жылдын I кварталында Кыргыз темир жолу жүк ташуу боюнча ишин токтоткон жок. 2020-жылдын 1-чейрегинде — 1691,8 миң тонна жүк ташылган. Буга ылайык 2019-жылдын 1-кварталына карата өсүү 151,3 миң тонна же 109,8% түздү.