Бишкек шаарындагы Долон Өмүрзаков атындагы башкы спорт майданынын стадиону карантинден кийин ачылды, деп билдирет Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги. Стадион чектөө чараларын алып, дене тарбия жана спорт объектилеринин ишин калыбына келтирүү максатында машыгуу үчүн ачылды. 27-майдан баштап чуркоо жолунда машыгууга уруксат берилет. Стадион санитардык нормалар жана эрежелер, гигиена жана эпидемияга каршы иш-чараларга жооп берет. Ошондой эле, коронавирустук инфекциядан коргонуу үчүн стадионго келгендер 1,5 м аралыкты сакташы керек, кызматкерлердин жана коноктордун дене температурасын контактсыз көзөмөлгө алынат. Келүүчүлөргө спорттук бут кийимде гана уруксат берилет», — деп айтылат билдирүүдө. Ар бир адам күн сайын саат 6:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо боло алат. Акысыз кирүү.