Бишкек шаарында 1-июндан тарта 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти

Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэрия Азиз Суракматов кол койгон.

“Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда”, – деп билдирет мэрия.

Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Аны менен бирге мэрия 1-июндан тарта шаардагы фонтандар иштей баштай турганын билдирет.

Маалымат алуу үчүн:

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы:

– (0312) 21-28-47, (0312) 212844, WhatsApp-канал: 0500 287070;

“Бишкекжылуулуктармактары” ААКсы:

– (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору;

– 36-57-19, 30-07-67 – нөөмөтчү инженерлер;

Борбордук район: – 51-06-22, 21-74-06 – нөөмөтчү инженер;

Түштүк району: – 56-85-58 – диспетчердик кызмат.