Калктын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн кызмат өтөөнүн түйшүгү жана жоопкерчилик опол тоодой чоң болгону менен, өз эл-жери үчүн ак кызмат кылуунун сыймыгын да унутпоо керек. Менин милдетим, намысым өлкөмдүн бейпилдиги менен элимдин тынчылыкта өмүр сүрүүсүндө.

Ошону үчүн ар бир мөнөтүмдү текке кетирбей жарандарыбыздын коопсуздугун жана коомдук тартиптин бекем болуусун камсыз кылуу менен алек болом деген ураан менен кызмат өтөгөн Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамы ар качан тартип сакчылыгында өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууда.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы