Коом

Ишкер Каныбек Туманбаев Рамазан айынын урматына кыргыз элине, мекенибизге арнаган өзгөчө каалоо-тилектер үчүн уюштурган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Ыйык Рамазан айынын урматына ишкер Каныбек Туманбаев окурмандар арасында Кыргызстанга, кыргыз элине оригиналдуу, жакшы каалоо-тилектерге конкурс жарыялап, жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай белектер берилди.

Бул тууралуу жеке ишкер өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып калтырган. «Фейсбукта жарыялаган сынак боюнча жыйынтык чыкты. Курамы 6 кишиден турган комиссия карап чыгып, 12 адамдын жазганын өзгөчө деп тандап алышты. Чындыгында, баарыңыздардын жазган тилектериңиздер позитивдүү, мыкты болду. Чын дилиңиздер менен жаздыңыздар. Ар бириңиздердин жазган каалооңуздарды Аллах кабыл кылсын! Элибизде жакшыны жарышып айткан ак ниет адамдар көп болсун деген тилегимди билдирем! Сынактын жеңүүчүлөрүн чакырып, сый үстүндө баарлашып отурууну максат кылдык эле. Бирок, учурдагы кырдаалга байланыштуу, сиздердин саламаттыкты эске алып, сыйлыгыбызды ар бириңиздерге жеткирип берүүнү туура көрдүк», — деп айтылат билдирүүдө. Маалым болгондой, тандалып алынган адамдардын сыйлыгынын көлөмү бирдей өлчөмдө, калыс бөлүштүрүлгөн.

Жеңүүчүлөр:

1. Асан Турсункулов

 2. Айжаркын Эргешова

 3. Залкар Кеңешбаев

4. Симфония Орозумбетова

5. Рано Ибраимова

6. Чынар Досалиева

7. Гульзада Шаршеналиева

8. Гүлпери Жанышбекова

9. Назгүл Тойгонбаева

10. Наргиза Султанова

11. Аська Кожомкулова

12. Barchun Suabaeva

Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн айрым каалоо-тилектерин окурмандарга сунуштайбыз.

Асан Турсункулов Каныбек иним!
Кармаган орозоң кабыл болсун!
Жакшы жөрөлгө экен….
Анда каалоо айтайын….

Калайык журт!
Жаратканым: «Орозону кадырлап кармаган пендеге сообун өзүм беремин!» — деди….
Ар бирибизге насип этсин!
Айт майрамында Аллаахым ар бир үйгө береке…оомат…дөөлөт……берсин….
Качандыр бир убакта: «Оо, Жараткан Аллаахым менин мындай тилегим бар эле» — деп ойлоп койгон ар бир адамдын ой мүдөөсү орундалсын!…
Жакшы ниет менен чын жүрөктөн тилеген бата кабыл болбой койбойт…
Кабыл болот!
Андыктан,
Ар бир намазда….дасторкондо тилеген бата кабыл болсун!
Элибизде эки жуздуу пенделер оңолсун…
Эки башка сөз сүйлөгөн пенделердин жүрөгүнө Аллаахым ыйман салып оңдосун….
Жаман ойлуу адам болбосун!….
Кыргыз Элин Жараткан өзү колдосун!

Айжаркын Эргешова: Каныбек мырзанын бул конкурсуна сыйлык үчүн эмес, улут, журт, мекен деген сыймык үчүн катышууну туура көрдүм.
Бул каалоону жазаардан мурун алымдын, акылымдын жетишинче (анткени кесипкөй тарыхчы эмесмин) тарыхка кылчайып, тек гана урпагы катары ата бабалардын изине саресеп салдым. Кыргыз деген улуу журт өтүгү менен суу кечип, ооздугу менен суу ичкен ат үстүндө уктаган кыйын күндөрдө кандай аракет жасап, кантип сабыр күттү эле деп дилиме жөлөк издедим.
Түштүктөгү Анжиян көтөрүлүшүндө акылман Курманжан энебиз оруска кошулуу менен элди сактап, элдин чайпалып, чачылып кетпөөсү үчүн карачечекей уулун курмандыкка чалып жибербеди беле. Караламан журт улуу үркүндө чачылса да уюткусун, элдигин, тууган жер деген духун жоготпой ата жайына кайтып келишпеди беле. Улуу тумоо каптаганда бир муштумдай түйүлүп бирин бири жөлөп, колдоп апааттан аман калбады беле.
Учурда болуп жаткан пандемия бул апааттын алдында жеңилдей, боору бүтүн башы аман чыкканга жолу бардай. Анткени эл ток, заман тынч, медициналык талаптарды так аткарып апааттан өзүңдү, жакындарыңды сактап калууга мүмкүнчүлүк, шарт түзүлгөн.
Анжиян көтөрүлүшүндөгүдөй учкан октон, үркүндөгүдөй ата журт көздөн учкан кусалыктан алыспыз. Албетте убактылуу киреше менен жашап, карантин учурунда ошол кирешесиз тамак аштан кыйналгандар көп болду, бирок аны колдон буттан алып колдоп кеткен азаматтарыбыз четтен чыкпадыбы. Бул азаматтарды карап туруп эл элдигинен тайбаптыр, уюткусунан бузулбаптыр деп сыймыктандым.
Ал эми берген жардамдан да кынтык таап, кош бойлуу, жаш балалуу аялдардан мурун чартердик рейске жулунуп учуп келген «жигиттерди» көргөндө;
«Биз ушундай улуу журттун урпагы боло туруп качан майдаланып, мажирөө болуп кеттик?» деп жүрөгүм ооруду.
Муну менен эмне каалоо айткым келди;
Тек гана улуу журт улуулугун жоготпосо, күнүмдүк кыйынчылыкка майдаланып кетпесек, уучубуз чыныгы патриот уул кыздан куру болбосо деп улуу орозонун соңку күндөрүндө астейдил Кудайдан сурагым келди.

Barchun Suabaeva:  Мекендештерим кармаган Орозонуздар кабыл болсун! Орозодогу сабырдуулук, берекелуу кундорубуз отуп жатат. Баарыныздар ден соолук каалайм,калганын кудайдан аракет менен сурасак ишке аша турган нерселер. Кыргыз элиме бейкутчулук,токчулук, молчулук болсун! Эл аман, Эл ичинде мен аман болоюн!Айтыбыз маарек, дубалар кабыл болсун!
Кыргыз элим өнүксүнчү, өссүнчү
Оору сыркоо жоголуп бир кетсинчи.
Элибизге мурдагыдай жашоолор,
Айланчыктап оз ордуна келсинчи.
Каалайм Журтум баарынарга ден соолук,
Дасторконго толо болсун молчулук.
Каалайм каалайм баарынарга жакшылык,
Узун өмүр, келечекте барчылык.
Ынтымактуу жашайлычы баарыбыз,
Өсө бергин жалпы Кыргыз Калкыбыз!!!

Рано Ибраимова: Бул дүйнө жолоочунун тыныгууга токтогон аялдамасы сыяктуу убактылуу сыноо үчүн берилген жай. Ар күнү көңүл тапкан, көңүл алган, бата алган, жакшылыктарга себепчи болгон, сансыз соопчулука ээ болгон жандардан бололу. Маркумдарга багыштап куран окуп, жакындарыбыз менен көрүшүп, кийинки Айтка элибиз менен аман-эсен жетели. Оору деген сыноону эч корбогондой женип кетели. Мигранттар тезирээк эл-жерине кетүү насип этсин. Которулгон колду Аллахым эч качан кур кайтарган эмес. Дубаларыбыз, тилектерибиз кабыл болсун. Айт майрамыбыз маарек болсун!

Гульзада Шаршеналиева: Ак мөңгүлүү Ала-Тоосу, дүйнө элин суктандырган керемет жаратылышы, эч жерде жок «Манас» эпосу менен төкмөлүк өнөрү бар ак калпак элдин ордосу — Кыргызстаным. Өз аймагы, герби менен туусу, эгемендигибиз менен мамлекетүүлүгүбүз бар экендигине Эгеме шүгүр кылам. Хан Манасы, намыска бекем Жаңыл Мырзасы менен Кыз Сайкалы, махабатты даңазалаган Олжобай менен Кишимжаны, мекен кызыкчылыгы үчүн канынан жаралган баласын садага чапкан Курманжан даткасы, кара кылды как жарган Толубай сынчысы, алп жазуучу Чыңгызы, элин байлыкка сатпаган Исхак Раззакову бар мамлекетибиздин келечеги бүдөмүк болушу мүмкүн эмес.
Жараткан Алла таалам, мекениме бейпил жашоо, тынччылык жана жакшылык ырооло. Хан Манастын тукуму эр азаматтарыбыздын намысын ойготуп, жүрөгүнө ыйман сал. Кыздарынын сезимталдыгы менен ийкемдүүлүгүн жандант. Ак сакал карылардын, элечек энелердин кебин капка салган, улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган, укуктарына караганда милдеттерин көбүрөөк сезген коомду түптө. Энелерибиз ыйлабасын, элибиз эзилбесин. Айымдарыбызга татыктуу уул-кыздарды тарбиялоого күч кубат, дем бер. Берекеси төгүлгөн, көөдөнү кубанычка толгон, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн эл бололу.
Жаратылыш кырсыктарынан, душмандардын кара санатайлыгынан, ашепке ачкөз, эл эсебинен байып, кадыр-барк күтөйүн дегендерден, өзгө эмес өзгөгө күйгөн жаңылыш ой жүгүрткөндөрдөн, итке минип байкуш болгондон сакта! Мекенимдин багытын түздө, түбөлүктүүлүгүн түптө.
Түмөндүү түйшүктөн, түркөйлүктөн, оройлуктан арылалык. Ажат ачкандар арбысын.
Бабалардын каны менен куралган касиеттүү жергебиздин бир чарчысы дагы кемибесин. Чек араларыбыз бекемделип, жер бермети көгүлтүр көлүбүз соолубасын. Ынтымагыбыз бекемделип, үзүлгөнү уланып, чачылганы жыйналсын. Дүйнөнү дүңгүрөткөн ачылыштарыбыз менен өрнөктүү өнөр ээлери даңазалансын. Орозо айында айтылган ар бир тилек Кудайдын оомийинине туш болсун. Тоолор урабасын. Ишкердүүлүк өнүгүп, завод-фабрикалар курулсун, жумушчу орундар түзүлүп, мигранттарыбыз кайтып келишсин. Нур төгүлгөн, береке чачылган Айт майрамында ар бир үй- бүлөгө ырыскы, бакубат жашоо, бакытка балкыган өмүр каалайм. Билимдүү жаштар көбөйүп, куру доомат менен ушак айыңдан арылалы. Мекеним мүңкүрөбөсүн. Оору-сыркоодон алыс болуп, таажылуу вирусту жеңип чыгалы.
Өркүндөп өсө бер, мен сүйгөн Кыргызстаным. ЖҮРӨГҮБҮЗДӨСҮҢ!!! АЙТ МААРЕК БОЛСУН!!!

Симфония Орозумбетова: Ассалому алейкум ва рахматулоохи ва барахатуху!
— Урматтуу Кыргыз элим, Кыргызстандын кадырлуу мусулмандары жана чет жакта эмгектенип жүрүшкөн мекендештерим!
— Сиздерди берекелүү ыйык Рамазан айынын — орозо Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
— Орозо Айт майрамы — ыйык Рамазан айынын бүтүшүн белгилеген майрам болуп эсептелет.
— Мына ыйык Рамазан айында тилеген тилектерибизди,жакшы ниеттерибизди,арзуу кылган максаттарыбызды,ыйлап дуа кылган ибадаттарыбызды Аллах Таалам кабыл кылсын.🤲
— Ар бир үйдө ырыскы дөөлөт,оомат, ийгилик,бактылуулук коштоп ден-соолукта узак жашап,Өлкөбүз өнүгүп өсүп, дүйнөбүз тынччылыкта,ынтымакта болуп, жашообуз жыргалга толсун!
— Ар бирибиз жаман ооруу сыркоолордон алыс болуп,көп-көп сооп амалдарды көбөйтүп, көмөктөшүп,сыйлашып, өзүбүздү сабырдуулукка чакыралы.
— Биз сүйгөн жана бизди сүйгөн адамдардын бактысына бар бололу.
Түгөйсүздөр түгөйлүү болуп,
Баласыздар балалуу болуп,
Үйсүздөр үйлүү болуп элибизди,жерибизди кобойтконго Аллах Таалам насип кылган болсун!
— Орозону толук кармап,намаз окуп, көп-көп дуа кылып, кийинки Рамазан айынын орозосун кармоого баарыбызга насип кылсын.
— Каныбек мырза мен билгенден элим, жерим деп көп сооп иштерин жасап, Аллахтын мээримине,элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, ыйман жолунда жүргөн, адамгерчиликтүү, ыймандуу, өз мээнети менен оокат кылып келе жаткан инсан катары баарыбызга белгилүү болуп келе жатат.
Мына ушундай мырзаларыбыз көп болушун Аллах Тааладан тилек кылалы.
— Каныбек мырза сизге үй-бүлөлүк бакыт жана эки дүйнө бактылуулукту каалайм!
Бар болуңуз.
— Оомийин!
Орозодо жаман ойлор кабылбасын,
Жүзүңүз нурга толуп жалындасын.
Ыйык айда тилектер орундалат,
Иншаллах дуаңыздар кабылдансын,
Аллахым дубаларды кабылдасын!

Зарина Акбаралиева: Жеңиш үчүн жакшы сөздөрдү жазып тим болбостон чыныгы жашоодо да ошол каалоо тилектер менен жашасак….

Наргиз Султановна: Ала-Тоо жерибизге береке, тынчтык бергин,
Ак калпак, ала топу, аруу, таза, алакандай элибизге ынтымак, ырыс, чындык бергин.
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Өзүңдү көрүүгө көкүрөктө эңсеткен куса бергин.
Күлүктөргө арыш бергин,
Төбөлдөргө намыс бергин.
Жаштарга уят, карыларга кубат бергин,
Баласызга туяк, ыймандууга ынсап бергин,
Жан дүйнөнү булгап турган замандан сакта,
Асыл ойду көралбаган арамдан сакта.
Шашты алган топон суу, шамалдан сакта,
Жарты жүрөк, журт бузар жарандан сакта.
Жер жарылып көчкөндөн сакта,
Ыйман ырын укпай өткөндөн сакта.
Наалат айткан периште жемесинен сакта,
Наристесин жериген энеден сакта.
Ынтымак суусу төгүлгөндөн сакта,
Ыркырашып урушуп, сөгүнгөндөн сакта.
Боор эти муздак болуудан сакта,
Дабасы табылбас оорудан сакта.
Yшкүрткөн балээ түрүнөн сакта,
Ыймансыз өтүп кетүүдөн сакта,
Тикенек тилдүү аялдан сакта,
Азан үнүн укпаган кулактан сакта.
Сөөк жашы жукаргандан сакта,
Ууру кескин күч алгандан сакта.
Напси, кыял оролгон аркандан сакта.🤲🙏
Орозонуздар кабыл болсун 🤲🙏

Gulperi Janyshbekkyzy: Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы бейпилдиктин, сабырдуулуктун, ынтымак – ырашкерликтин, өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Ыйык Рамазан айында жалпы мусулмандар орозо кармоо менен көкүрөк агартып, тунук ниеттерди тилек кылып, өз ишенимин бекемдеп, руханий жактан аруулануунып келген. Ыйык Рамазан айы, Орозо айт майрамы жалпы элди ынтымакка чакырып, бир туугандыкта, достукта жашоого үндөп, өз ара урматтоого чакырган. Көкүрөк тазалыгынын, аруулугунун айы болгон Рамазан айында ар бир үй-бүлөгө Жаратканыбыз береке, ырыс алып келсин. Жамандыктан арылып, жакшылыкка канат байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Ыйман нуру ар бир адамдын жүрөгүнө жарык берип, жакшы тилек-ниеттерди ыроолосун. Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук, боорукерлик ишиңиздер мындан ары да улана берсин! Ар бир бүлөгө ачык асман, кут береке, токчулук, бардар турмуш каалайм! Ылайым ар бир мусульман бир туугандарымдын мындан ары да өрүшү артып, ырысы оошуп, пейили кеңейип, дили агара берсин! Орозо айтыңыздар маарек болсун!!!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button