ИИМ. Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кызматтык иликтөө жүрүүдө

Бүгүн, азырынча белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугун белгилейбиз. Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады.

ИИМдин басма бөз кызматы