Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүдө Россия ортомчулук кылып берүүгө даяр. Бул тууралуу ТАСС басылмасы Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров онлайн брифингде билдиргенин жазып чыкты.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы курч абал тилекке каршы биринчи жолу эмес. Биз союздаштарыбызды сүйлөшүүгө, күч колдонуудан болушунча баш тартууга чакырабыз. Биз ортомчулук кызматын аткарганга даярбыз жана абал канчалык эрте тынчыса ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз”, — деген ал.

Лавров ошондой эле Россия тарап тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңеш катчыларынын биргелешкен кеңешмесинин видео форматта өткөн конференциясында тарапташтарына бул сунушту киргизгенин айткан.

Эске салсак, жекшемби күнү Баткен районунун Мойнок тоосундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Бул  чыр-чатакка ким күнөлүү экенине келгенде эки өлкө бири-бирине төңкөп жатат.

Булак: Медиацентр