“Ата Мекен” фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун партияга кайрадан кайтып келүүсүн каалай турганын “Парламентаризм сабактары” көрсөтүүсүндө маек берип жатып билдирди.
Мамашованын айтымында, Алмамбет Насырканович дипломат адам. Кандай учур болбосун жакшы жагын таап, абалдан чыгып кете алган жөндөмү бар. “Анын жоктугу өзгөчө ушундай абалда сезилет”, — деди депутат.

Айсулуу Мамашова билдиргендей, буга чейин Алмамбет Шыкмаматовдун кайра фракцияга кайтып келүүсү боюнча сунуштар болгон. “Бирок көптөн бери дос болуп жүргөн эки мырзанын (Өмүрбек Текебаев) ортосундагы маселени өздөрүнүн ортосуна калтырганбыз”, — деп кошумчалады фракция лидери.