Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:

— Убактылуу нике кыйганга шариат жол бербейт. Бул сойкулукту расмийлештирүү дегенге барбар. Ар бир адам ажырашаарда өзүнүн апасын, эже-карындаштарын, кызын элестетүүсү керек болот. Сойкулук, же шариатташтырып айтканда зынаа кылган адамдын тууган аялзатына эртели-кеч зынаа кылынбай койбойт. Такыр аялзатынан тууганы жок делгенине да акыр-түбү үйүнүн дубалына зынаакор адам жаба сийип кетет. Убактылуу нике кыйдырган менен ал кыйылып калбайт. Азыр өлкөбүздү каптап келе жаткан шийит агымында убактылуу никеге жол берилет деп айтылат. Бизге шийит агымы перс тили жана маданиятын улуттук, гуманитардык университеттерде окутуу аркылуу кирип жатат. Эгер шийит агымы күч алса Сириядагы абал бизге келиши мүмкүн. Анткени Сирияда сунниттер менен шииттерди кагыштырып, андан экономикалык жана саясый упай топтоп жаткан державалар бар.

Булак: Оңой жаша сайты