XX кылымдын башында кыргыз калкынын бакты-таалайына жарк этип жанып, тоталитардык режимдин кандуу капшабынан күлгүн жаш курагында кырчындай өмүрү жазыксыз кыйылган Жусуп Абдрахмановдун ысымы көп жылдар бою айтылбай да, жазылбай да келген. Элибизди эгемендикке жеткирген азыркы эркин заманда биз Жусуп Адрахмановдой эрте өчкөн “көмүскө” жылдыздарыбызды кайрадан жандырууга мүмкүнчүлүк алып отурабыз. Оңой жаша порталы Кыргызстандын союздук республика статусун алуусунда чоң салым кошкон Жусуп Абдрахманов тууралуу фактыларды топтоду.

Үркүндүн азабы

Жусуп Абдрахмановдун атасы Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол эле жылы келте оорусунан каза болот. Үркүндүн өспүрүм Жусупка салган азабы муну менен гана токтоп калган эмес. Анын энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Ошентип иниси Токо экөө томолой жетим калган 15 жаштагы Жусуп дүрбөгөн эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап күн көрө баштайт.

Алгачкы комсомол

Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлөт. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуйт. Бирок оорудан улам аскердик карьерасын токтотууга аргасыз болот. Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышат. Курултайда советтик бийликтин жол башчысы Владимир Ильич Ленин менен жолугуп, экөө узак убакыт аңгемелешет.

Эгемен өлкө түзүүгө болгон аракет

Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган.

Ишке ашпай калган максаттар

Эл өз эгемендигин өзү чечиш керектигин белгилеген коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу чыгаандар менен бирге борбору Жалал-Абад болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Тилекке каршы, бул идея ишке ашпай калган. Бирок Абдрахмановдун аракети менен адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду.

Кыргыздан чыккан алгачкы дипломат

Жусуп Абдрахманов 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп иштейт. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт. Ал Москвада иштеп турганда чыгармачыл чөйрө менен жакын мамиледе болуп, жазуучулар, акындар, артисттер менен тез-тез жолугуп, театр жана музейлерге байма-бай барып турган.

Борбордук бийликке баш ийбеген саясатчы

Жусуп Абдрахманов 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштайт. Эл жана өлкө үчүн айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды түзөт. Өжөр жана тайманбас өкмөт башчы өлкөдөгү кээ бир маселелер боюнча борбордук бийликке баш ийбеген саясатты жүргүзгөн.

Сталинге кат жазып, Москваны сындап турган

Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясаттарын белгилеген.

Кыргызды ачкачылыктан сактап калган

1930-жылдары айтылуу ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын “улутчул” деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда “Компартияга каршы аракеттенген” деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Жалаага калган Жусуп Абдрахманов

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аеосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген.

Тергөөчүнү отургуч менен башка чапканда сакчылар атып салган

Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Ошол күнү аны тергөөчү бөлмөсүнө чакырат. Абдрахманов суракка алып жаткан тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Ызы-чууга чуркап келген сакчылар аны атып салат. Абдрахманов 1958-жылы гана толугу менен акталган.

Казактын күйөө баласы

Жусуп Абдрахманов казак кызы болгон жубайы Гүлбахрам менен 1917-жылы Алматыда таанышат. Жаш кыз жалданма иштерде иштеген уланды алгач теңине албаганы менен акылдуу, эмгекчил бала анын көңүлүн өзүнө бурат. Ошентип экөө Алматы шаарында баш кошушат. Беш баланы тарбиялаган үй-бүлө Жусуп Абдрахманов “эл душманы” деп атылгандан кийин абдан кыйын кезеңди башынан кечирет. Бир кездери жалпы кыргызды ачарчылыктан сактаган инсандын үй-бүлөсү эми өзү бир сындырым нанга жетпей калат. Аларга өлкөдөгү мектептердин, жумуш мекемелеринин эшиги жабылат. Бул мамиле Жусуп Абдрахманов акталгандан кийин гана өзгөрөт.

Күндөлүккө катылган көз жаш

Жусуп Абдрахманов ички сезимдеринен баштап ошол кездеги СССРдин жалпы саясий абалын “Күндөлүгүнө” эч төкпөй-чачпай, жасалмалуулуктан алыс болуп жазып турган. Алгачкы жазуу 1928-жылы августта жазылса, акыркысы 1932-жылы ноябрда кагазга түшүрүлгөн. Ал күндөлүгүнө “Адамдар деле табият кубулуштары сындуу өзгөрүлмөлүү келет. Достор деле көп, бирок чын-чынына келгенде баарыбыз эле жалгызбыз. Баарынан жалгызы мен эле болушум керек, менден жалгызды табуу кыйын. Пенде дегениң турмуш-тириликтин ойку-кайкысынан оңой эле өтүп кетем деп ойлойт. Менин баамымда, турмуш дегениң каалаганча калчап, анан адамды бир күнү акыркы күнүнө алып келет. Күрөш — жеңиш эмес, ар бир күнүң — жаркылдаган жакшы кубаныч эмес”, — деп жашоо, жалгыздык тууралуу жазган. Ошол эле учурда борбордук бийликтин саясатын сындап “Революциянын сыналган жоокерлери катардан чыгууда, өлкөнүн абалы начарлоодо. Эгин даярдоо начар. Өнөр жай товарлары жок. Дыйканчылыкта иш жүзүндө репрессия жүрүүдө, айлананы кара туман каптай баштады. Совет бийлиги үчүн “жут” болбойбу…” — деп жазган. Абдрахманов өзүн сындагандан эч качан качкан эмес. Муну анын “…Акыркы ой-санаам — байкуш эл. Элим жашоосун уюштуруунун жетекчилигин мендей көрпендеге ишенди. Өз элинин ишеничин актай албаган мен ушунчалык эле акмакмынбы? Жок. Андай эмес! Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин…” — деген ойлорунан түшүнсө болот.

Булак: Оңой жаша сайты, автору Исмат Ибрагимов