Бул окуя Ирандын түндүгүндө болуп өткөн. 14 жаштагы кызын өлтүрдү деген шек менен кыздын атасы камакка алынды. Өлтүрүү фактысы боюнча өлкөдө нааразычылыктар күч алып, Иран президенти аялдарга карата жасалуучу зордук-зомбулук жөнүндө мыйзамды күчөтүү керек экендигин белгиледи.

Намыс үчүн жасалган киши өлтүрүү Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Гилян провинциясындагы айылдардын биринде болуп өткөн.

Никеге туруусуна атасы караманча каршы чыккандыгына байланыштуу Ромина Ашрафи 35 жаштагы өз сүйгөнү менен ата-энесинин үйүнөн  качып чыккан.

Бирок, полиция Роминаны издеп таап,  өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыгын безилдеп айтканына карабастан үйүнө кайтарып алып келип, атасынан колуна өткөрүп берген.

Жергиликтүү ММКлардын билдирүүсүнө караганда өткөн жуманын бейшемби күнү кызынын бул кылыгына каарданган атасы кызынын бөлмөсүнө кирип келип,  кызын муздап таштаган.

Шаршемби күнү Ирандын президенти Хасан Роухани Өкмөт отурумунда чыгып сөз сүйлөп, Ромина Ашфаринин атасы тарабынан өлтүрүлгөндүгүн өтө катуу кабыл алгандыгын жана аялдарды карата жасалуучу зордук-зомбулуктарды алдын алуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө чакырды.