«Коронавирус жуктуруп алыптыр…» деген имиш-имиштер боюнча Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров «куландан соо» экендигин билдирди.

«Болуптур, ооруп калдым дейли. Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар коронавирус жуктуруп алышты, он миңдеген адамдар каза болушту. Мен, эмне оору жуктуруп же өлүп калбагыдай адам эмесминби? Тамчылатма дары куйдуруп, ден соолугумду чыңдоого укугум жокпу?», — деди Кадыров жардамчысы Ахмед Дудаев  «Инстаграмда» уюштурган түз эфирде сүйлөп жатып.

Ошондой эле, Кадыров пандемия башталгандан бери Грозный шаарында текшерүүдөн өтүп жаткандыгын, эки ирет компьютердик томографиядан өткөндүгүн кошумчалап, ар бир адам өз ден соолугу үчүн кам көрүүсү зарыл экендигин белгилеген.

Эске сала кетсек, 21-май күнү ММКлар маалымат булактарына шилтеме берүү менен Кадыров коронавируска шектелүү менен дарыгерлердин байкоосунда тургандыгын жазып чыгышкан. Ал эми Baza телеграм-каналы Рамзан Кадыров дарылануу үчүн Москвага учуп кеткендигин жар салган.