АКШ жана Британия КЭРди мурда Британиянын колониясы болуп келген Гонгконг боюнча милдеттемелерди сактоого чакырды. АКШ мамкатчысы Майк Помпео менен Улуу Британия мамлекетинин Ички иштер министри Доминик Раабдын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти билдирген.

Помпео жана Рааб өз ара сүйлөшүү учурунда Пекин бир тараптуу жана валюнтаристтик негизде Гонконго улуттук коопсуздук жаатындагы мыйзамдарды таңуулап жаткандыгы тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилешип, КЭРден буга чейинки «Гонконгду өткөрүп берүү маселеси боюнча биргелешкен кытай-британиялык декларациясына» ылайык өз милдеттерин так аткарышын талап кылуу керектигин кошумчалашкан.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги тарабынан демилгеленип жаткан «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Мыйзамга каршы 26-май күнү Гонконгдо массалык нааразылык акциялары өткөн.