Күн ысып баштаганда, балдар суга түшүп салкындашат. Сууга түшүүнүн эрежелерин жана сактык тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө адам эмнени эске алуу керектигин айтып, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:
• Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
• Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
• Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
• Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
• Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
• Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
• Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
• Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер
«Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып же алькоголдук ичимдик ичип сууга түшпөөнү да эскертишти.