Орусиядагы мекендештерге түшүндүрүү, моралдык жактан колдоо иштери жакшы жүрбөй жатат», — деп бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

«Орусиядагы мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү боюнча элчилик аракет кылып жатат. Бирок физикалык жактан жетишпей жатышат. Өкмөт карап чыксаңыздар, мүмкүнчүлүк болсо каржы маселесин чечип, бул жерде коомдордун башчысы, диаспаралардын башчысы жардам беришип, жардам беришсе жакшы болмок. Түшүндүрүү, моралдык жактан колдоо иштери жакшы жүрбөй жатат. Алардын көпчүлүгү бизге кайрылышууда», — деди депутат.

Ошону менен бирге эле депутат Баткен облусунда жазгы талаа иштери аяктап, кээ бир аймактарда мөмө жемиштер бышканын айтып, аны башка жакка алып чыгууда маселе жаралып жатканын билдирди.