![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/1563961557_0_1_1440_811_600x0_80_0_0_6351ecb0143a3cd2bca514decb7f1ca8.jpg)
Коом
Бир суткада Кыргызстанда 27 даарыгер вирус жуктуруп алды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 5
• Ош шаарында – 15
• Нарын облусунда – 7
Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.