Индиянын Керала штатынын тургуну аялын кобрага чактырып өлтүргөн. Бул тууралуу India Today басылмасы жазып чыккан.

Полициянын версиясы боюнча Сурадж аттуу эркек аялы Утраны өлтүрүү үчүн буга чейин эки жолу аракет жасаган. Биринчи жолу Сурадж 2-март күнү аялы уктап жаткан бөлмөгө жылан сойлотуп жиберсе, экинчи жолу 27-май күнү Сурдж кобраны түз эле аялынан коюнуна салып жиберген. Тилекке каршы, аялды бул сапар сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Аялы каза болору менен Сурадждын аялына таандык мүлктү өзүнө каттатып алуу боюнча аракеттери Утранын ата-энесинин шектенүүсүн жараткан жана алар бул тууралуу полицияга кайрылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сурадждын уулуу жыландарды саткан адамдар менен телефон аркылуу бир нече жолу сүйлөшкөндүгү аныкталып, Сурадж кылган кылмышын моюнуна алууга аргасыз болгон жана бул кылмышка «кокус ажырашып кетсек эч нерсеси жок калам» деген ой менен баргандыгын айткан.