КоомСаясат

Эльдар Алишеровдун «чыккынчылык» токтому колдоого алынса, өлкөгө оңбогондой зыян алып келет

«Бечелге жөтөлдүн кереги жок» деген макал бар. Дүйнөнү дүрбөткөн пандемиянын кесепеттери экономикага болуп көрбөгөндөй зыян алып келүүдө. Эртеңки күнүн ойлогон айрым мамлекеттер, мисалы АКШ нефть продукцияларын Белоруссияга экспорттоп 200 миң адамдын жумушсуз калуусунун алдын алып, мыйзамдарын даярдап жатышат. Биздин «бөрк ал десе баш алган» аткаминерлердин кылган иштери кыргызга душман деле кылбаса керек.

ЖМКларга чыккан маалыматка ылайык, экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефть продукцияларын алып чыгууга убактылуу чектөө коюу» жөнүндө токтом токуп жатат. Бул токтомду «касиеттүү» Жогорку Кеңештин депутаттары алеки заматта колдой салышы мүмкүнбү? Эгер эле бул «мандемдүү» токтом ишке кирип кетсе, анда нефть продукциялар экспорттолбой, 3000 киши эмгектенип, бюджеттин бир капталын толтуруп турган «Кыргызнефть» ишканасы өндүргөн нефть эмне болот? Алар төлөгөн салыкты ким төлөйт? Салыктын эсебинен пенсия, жөлөк пулдар берилерин экономика министрлиги аңдабайбы? Же пандемиянын эпкининен араң чыгып, жай турмушка кайтып жаткан Кыргызстан биротоло карызга батып калсын деген душмандык ойлору барбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары дайыма белгилеп келет. Өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, «мамлекет экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү улантат» деген пикирин айтты. Демек, экспортко өзүбүздүн товарларды чыгарууну токтотуу, бул мамлекеттик саясатка каршы чыккынчылык кылуу болуп эсептелет.

Жакында эле Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан «Лейлек» СЭЗдин базасында «ОсОО НПЗ Сафар» тарабынан курулган нефтини кайра иштетүү кичи заводу өз ишмердүүлүгүн баштады. Натыйжада Жаны-Жер айыл аймагында жашаган 30 адам иш менен камсыз болуп, келечекте айыл өкмөтүнүн бюджетине да кошумча акча түшүүсү күтүлүп жатат. Бул жерден өндүрүлгөн нефть продукциялары дагы жок эле дегенде кошуна Тажикстанга экспорттолот. Чек арадан чыры токтобогон алыскы аймактын эли жумуш менен камсыз болуп, айыл өкмөттөрүнүн бюджетине киреше түшөрү белгилүү эмеспи. Ошондо Эльдар Алишеровдун токтому бул ишкананы да жаптырабы? Алишеров сунуштаган токтомдо мазутту дагы экспорттоо тыюу салынат. Белгилүү болгондой өлкөнүн ички рыногунда мазутту Бишкек ЖЭБ, Ош ЖЭБ жана «Кыргызжылуулукэнерго»  ишканалары гана жылуулук берүүчү мезгилде сатып алып колдонот. «Кыргызнефтьгаз» быйылкы жылы 175 миң тонна нефть өндүрсө, кайра иштетүүдө 94 500 тонна мазут алынат. Анын 37 миң тоннасын жогоруда аты аталгана ишканалар сатып алып керектейт. Калган 57 500 тонна мазутту кайда сатат? Сатууга тыюу салынса, кантип аны керектейт? 57 500 тонна мазутту орто эсеп менен 320 АШК доллары менен сатса канча акча түшөт? 2017-жылы Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролиум» нефтини кайра иштетүүчү ишканасы 10 тонна мазутту сата албай, соцфондго 10 млн сомго чейин карыз болгон факты бар.

Экономика министрлиги коомдук талкууга даярдап жаткан бул токтомго эксперттердин пикирин кандай? Базарбай Мамбетов: “Экономика министрлиги нефть продукцияларын сыртка чыгарууга чектөө коюп жатса, алар өндүргөн продукицияны ички керектөөчүлөргө сатууна да ойлонуусу зарыл. Мисалы, Бишкек ЖЭБ ж.б. ишканалар сырттан нефть продукцияларын сатып албастан, өзүбүздөн чыккандарды колдонсун” дейт. Эксперттин пикири туура, бирок, бизде жергиликтүү ишканалар өндүргөн продукцияларды өзүбүздүн ишканалар керектегенден калганын сатуу маселеси бар.

Учурда нефть өндүрүүчүлөр бул токтомдун ишке ашып кетерине албетте, караманча каршы болот. Жумушсуздук күчөп, экономика алсырап турган учурда жүздөгөн адамдар жумушсуз калып, алардын үй-бүлөсүндөгү 4-5тен адам багуусуз калат дегенге ким макул болот? Азыр өлкөгө күн сайын сырттагы мигранттар келип жатат. Алардын баарына жумуш орундары керек. Ошондо экономика министрлиги президенттин, мамлекеттин саясатына каршы чыгуу менен чет өлкөдөн нефть продукцияларын сатып алып, алардын экономикасына салым кошкону жатат.

Токтомдун авторуна кылмыш ишин козгоо керек деген пикирин эскперт Бакыт Бакетаев билдирген. Албетте, акыл-эси, аң-сезими менен ой жүгүрткөн адам Эльдар Алишеров токуп жаткан токтому үчүн жазалансын деп айтат. Токтомду колдобоого коомчулукту да үндөө керек. Өлкөнүн кызыкчылыгынан бир ууч топтун кызыкчылыгын жогору койгон мындай аткаминердин орду түрмө!

Эркин Жакыпов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button