Япония турисстерге акча төлөп берет Япония мындан ары туристтерге күнүнө 185 доллар каражат төлөйт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул үчүн Япон бийлиги 12 миллиард 5 миллион доллар бөлгөн. Мунун максаты туристтерди тартуу болуп саналат. 185 доллар Японияда жүргөн туристтердин чыгымдарынын болжол менен жарымын жабат. Бул программа июль айынын аягында иштеп баштайт.

Субсидия алуу үчүн түздөн-түз же япон туристтик агенттиктеринин жардамы менен мейманкананы брондош керек. Белгилүү болгондой, Япон өкмөтү пандемиядан улам,коронавирус катталган өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Ал тизмеге 188 мамлекет кирип, анын ичинде Кыргызстан да катталган.