Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын 30%ы – чет мамлекеттен келген жарандардын көп катталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө, вирустун сырттан кирген учурларын убагында аныктап, дарылоо үчүн эпидсистема иштелип чыккан. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны такталып алынган жана жарандар обсервациядан чыккан учурда карантиндик чаралардын так аткарылышын жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алган, аларда жарандардын толук тизмеси жана маалыматтары бар”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.