Саламаттык сактоо министрлиги бардыгын күзгү-кышкы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар сезонуна карата саламаттыгын чыӊдоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

“Күзүндө жана кышында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциялар сезону экенин баарыбыз билебиз. Буга байланыштуу ден соолугуӊарга көӊүл буруп, эч кандай өтүшүп кетүүлөр болбошу үчүн иммунитетиӊерди чыӊдагыла. Бул учурга даярданып, өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларыӊызды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар. Күзгү-кышкы мезгилде ден соолукта болуу үчүн саламаттыгыӊыздарды бекемдегиле”, — Нурболот Усенбаев.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги массалык түрдө жайлып кетүү тобокелчиликтерин төмөндөтүүгө аракет кылат.