Блогер блокКоом

Байлыктын артынан кууп мендей бактысыз болуп калбагыла

Азыркы абалымды карап кечээки күндү ойлодум. Мен кандай элем, ким элем? Мен бир үйдүн эрке кызы, оозумдан чыкканы аткарылган, мансаптан көзүн май баскан, жалаң жибектен кийим кийген эрке элем. 14 жашымда апам көз жумду. Бой жетип чоңойгондо балдар мага эмес байлыгыма кызыгып көз артчу. Атам чоң иштерде иштеп көп ирет алга сүйрөдү мен акмак атам артымда түбөлүк жөлөк болот деп ойлоптурмун.

Канча ирет жакшы жерге жумушка киргизди, тергип бир жума жүрүп качып кетем. Кыздарды МАИ кызматкерилигине алып баштаганда мен да баргам ээлигип, бирок тартип катуу, эрким жетпеди. Ошондо чыдап койсом азыр тыкылдап форма кийип жүрмөк элем. Азаптын баары атам көз жумган соң башталды. Атам каза болгон соң баягы байлык билинбей эле жок болду. Атаныкы балага буйурбайт деген чын окшойт. Алданып аялы менен ажырашкан бирөөгө тийдим.

Бир балалуу болгондо баламды атасына тыштап баса бердим. Эки жаштагы бала эч нерсе түшүнбөй кала берди. Мен баягы жашоону эңседим. Жокчулук, жолдошум айылда эмерек жасап , кардар жок карайлаган күн жакпады мага. Ушунча таш боор аял экенмин. Шаарга келип аябай ачка болгондо швеяны үйрөндүм. Арадан 5 жыл өттү баламды басып барып көрбөдүм. Бир күнү катуу оорудум. Башым катуу ооруп, көзүм караңгылап жатып калдым. Дары жардам бербейт. Беш жылда чогулткан акчам беш күндө жок болду. Чогуу жашаган эже бир көзү ачыкка алып барды. Ал эже күйөмдүн биринчи аялы окутуп салганын айтты.

Баламдын зарыгып жол карганын айтты. Ошондо жүрөгүм тыз деди. Баланын ыйы , сагынып жол караганы мени соо койбоду. Аттиң ата-энем барчылыкта чоңойтту бирок мээрим менде жок болду. Аял затынан жалгыз мерез, таш боор мен болсом керек. Азыр мынтип оорууга чалдыгып, төшөккө кадалганда өз баламды эстедим. Барган менен ал мени тааныбайт да. Канча ирет кагылды, канча ирет кулады, апа деп ыйлаган чыгар. Мага акыл эми кирди…. Кандай кылсам? Жолдошум башында чалып турчу, азыр телофону өчүк. Балким биринчи аялы келген чыгар….

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button