АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 100 миң адамга чукулдады – бул дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир нече эсеге көптүк кылат. Ал эми оору жуктуруп алгандардын саны 1,7 миллионго аз калды. Май айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп болжол менен дал ушул сандагы адамдар каза болору тууралуу айткан.

Белгилей кетчү нерсе, Трамптын администрациясынын кеңешчиси, Улуттук аллергиялык жана жугуштуу ооруларды изилдөө иниститутунун директору Энтони Фаучи дагы ушул эле санды күн мурда айтып чыккан. АКШда илдет жуктуруп алган учурлар менен ага байланыштуу адам өлүмүнүн ого эле көп болуп жатышын эксперттер көптөгөн факторлор менен түшүндүрүшүүдө.

Мисалы, бул өлкөдө статистикалык маалыматтар жашырылбай ачык айтылат жана аларга толук ишенүүгө болот. Мындан сырткары, Америкада аталган оору боюнча тестирлөө иштери массалык түрдө өтүүдө жана бүгүнкү күнгө карата 15 млн. анализ тапшырылгандыгы маалым.

Ошого карабастан, айрым эксперттер илдет жуктуруп алуулар менен адам өлүмүнүн мынчалык көп болуп жатышы алгачкы күндөрү америкалык бийликтин кенебей жатып алышы менен байланыштуу деп жар салышууда. Бирок, президент Дональд Трамп эксперттердин бул оюу менен макул эмес. Анын айтуусунда бардыгына Кытай күнөлүү.