Облустарда 27 мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди.

«Салынып жаткан 27 мектеп бардык облустардан авариялык абалга кабылган мектептер. Алар сауд өнүктүрүү фондунан 27 мамлекеттик мектеп куруу долбоорунун негизинде курулуп жатат. Негизи мектептер 2021-жылы бутушу керек эле. Бирок биз быйыл 6-7 мектепти бүтөт деп пландап жатабыз. Быйыл капиталдык оңдоого кириптер болгон авариялык 29 мектеп аныкталган», — деди ал.