Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат. Бул туурасында РИА Новости маалымат агенттиги маалымдады.

«Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында 24-июнда өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган юбилейлик парадга катышат «, — деп билдирген Россия президентинин аппаратынын өкүлү.

Маалам болгондой, Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң адам кеткен. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес, ал эми 72 кыргызстандык каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Кээ бирлерине бул наам эки ирет ыйгарылган.