«Мектепке электрондук түрдө катталуу» системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган эле.  Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.

Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек.

Эске салабыз, 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүп жатат. Бул алты шаардан порталга  жалпысынан 13 491 билдирме түшкөн.

Электрондук каттоо 1-класска кабыл алууда ачык-айкындуулукту, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана коррупциянын алдын алат.