26-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда мамлекеттик экзамендер башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Генштабдан билдиришти.

Төрт жыл бою аскердик кесипке окуган курсанттар өздөрүнүн билимин жана көндүмдөрүн көрсөтүшүүдө.

Келечектеги офицерлер класстарда жана атайын жабдылган пункттарда кесибине жараша теориялык экзамендерди жана жетектөөчү документтерди билүүсү тууралуу экзамен тапшырышса, ал эми талаа шартында тактика, ок атуу даярдыгы боюнча, күжүрмөн техниканы башкаруу сыяктуу экзамендерди тапшырышууда.

Мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырган курсанттарга лейтенант биринчи аскердик наамы ыйгарылат. Аларга окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом тапшырылат, андан кийин бир айлык өргүүгө кетишет. Андан соӊ, бөлүмчөлөрдүн командири катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коошундарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө жөнөтүлөт.