Бул жылы Ысык-Көлдө ички туризм жанданып, өзүбүздүн жарандар эс алууга көп келет деп күтүп жатабыз. Мындай пикирин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү туристтик сезон, туристтерди кабыл алуу талаптары боюнча атайын долбоор иштелип чыккан. Ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин кароосуна жөнөтүлдү.

«Департамент карап чыккандан кийин долбоорду Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтөбүз. Алардын жактыруусун алган соң туризм тармагы түрлөрүнө жараша ачыла баштайт. Туристтерди кабыл алчу мекемелердин даярдыгы жылдагыдан жакшы. Анткени талаптар күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык даярдык көрүлүп жатат. Быйыл ички туризм жанданып, өзүбүздүн жарандар эс алууга көп келет деп үмүттөнүп жатабыз», — деди Осмоналиев.