Коом

«Boieng» компаниясы ишин кайра жандантты

«Boieng» компаниясына тиешелүү болгон 737 MAX учагы эки жолу кырсыкка кабылгандан кийин компания аталган учакты чыгарууну токтоткон. Эми компания бул учакты чыгарууну жандантат. Мындай маалыматты компания өз сайтына жарыялады.

«Азыркы кырдаалга байланыштуу өндүрүштүн көлөмү төмөн. Биз жумуш ордунда коопсуздукту камсыз кылуу жана учактардын сапатын жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрдүк. «Boieng» ушул жылы 737 MAX учагын көбүрөөк өлчөмдө чыгарууну көздөп жатат», — деп жазылгат маалыматта.

Белгилүү болгондой, акыркы жылдары дүйнөдө бул учак менен эки кырсык катталды. Бири 2018-жылдын октябрь айында Индонезияда кулап, 189 адам набыт болгон. Дагы бири 2019-жылдын март айында Эфиопияда катталган.Бул кырсыктан 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү каза болгон.

Маалым болгондой, баардык жагдайларды изилөөдөн өткөргөн компаниянын жетекчилиги кулаган эки учактан тең маневрдик мүнөздөмөлөрдү өркүндөтүү тутумунда туура эмес иштешкендигин моюнга алган. Коопсуздук максатында көпчүлүк өлкөлөр бул учакты колдонуудан баш тартышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button