Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева депутат Сагындык Келдибаев менен бирге, Өзгөн райондук төрөт үйүнүн имаратынын курулушунан кабар алышты. Таанышуу учурунда белгилүү болгондой, төрөт үйү 60 койкага ылайыкталып, “Ас-Сафа” ” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулууда. Төрт кабаттуу имаратка заманбап медициналык аппараттар коюлуп, ички ажаткана, жылуу суу, лифт орнотулмакчы.

Вице-спикер Аида Касымалиева төрөт кана сапаттуу курулуп жаткандыгын белгиледи.
“Мамлекеттин эсебинен курулган курулуштар ар дайым сапатсыз. Бөлүнгөн каражат толук жумшалбай жок болот. Ага карабастан дайыма сметасынан сырткары кошумча каражат сурашат. Баасы да бир топ кымбат. Ал эми бул төрөт үйүнүн курулушуна аз акча каражаты жумшалганы менен сапаттуу курулуп жатканы даана көрүнүп турат. Келечекте бул төрөт үйүн Өзгөн району эле эмес, коңшу райондордун тургундары да пайдалана алат ”, — деди Аида Касымалиева.

Курулуш иши 2019-жылдын декабрь айында башталып, ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилери пландалууда.