Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган чаралар, ошондой эле Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү, жалпысынан сот системасынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Гүлбара Калиева жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында судьяларды которуштуруу (ротация) жана айрым соттордо судьянын жардамчысы кызматтарын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле сотторго жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку соттун түзүмүндө эки өз алдынча бөлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи, алар: соттордун чечимдерине гана жооп берүүчү жана алардын сапатын жогорулатуучу Мажбурлап аткартуу кызматы жана сотторду материалдык-техникалык камсыздоого жана сот аппараттарынын потенциалын жакшыртууга гана көңүл бурган Сот департаменти.

Мындан сырткары, Соттук-укуктук реформалар боюнча кеңештин чечимдерин аткаруу жана сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жаатындагы маселелер талкууланды.