Республикалык ыкчам штабдын сунуштамасынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А.Койчуманов иштен кетирилди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б.Тологонов убактылуу дайындалды.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.