Шаар аттарын жаңылбай айтып, интернет жылдызына айланып, «географ» атка конгон Кайрат аттуу  үй жайсыз, документтери жок жаран паспорт алды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Инстаграмм тармактагы баракчасына жазды.

«Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык. Бул жаңы жашоого болгон алгачкы кадам. Буюрса, жакынкы күндөрү Кайраттын дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар», — деп жазган Сулайманов.

Буга чейин интернет айдыңында бир эле өлкөнүн эки-үч шаарын жаңылбай айткан адамдын видеосу талкуу жараткан.