«Шаардык парк» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиеванын иш бөлмөсү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Эрик Ирискулбеков журналисттерге кабарлаган.

Ал ЖМКлардын Умуралиева пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү деген маалыматын четке какты. Анын айтымында, кабинеттен атайын белгиси бар акча табылган эмес. Юрист УКМКнын шаардык бөлүмүндөгү материалдар менен таанышуу керектигин кошумчалады.

Маалым болгондой,Умуралиеванын өзүнүн айтымында, ага 237-берене («Коммерциялык сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

«Арызды Тажибаев аттуу жаран жазган экен. «Ынтымак» паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген. Июнь айына 25 миң сом төлөө керек эле, бирок Тажибаев эки айга 50 миң сом төлөгөн. Келишим алдын ала төлөм алууга жол берет. Тажибаевди тааныбайм. Эмнеге кылмыш иши ачылгандыгын түшүнбөй турам», — деп билдирген Умуралиева.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура парктагы жерлерди арендага берүүгө болбой турганын айтып, эскертүү берген. Мындан улам Умуралиева Жарандык кодекстин негизинде парктардын аймагында коммерциялык ишмердүүлүккө жол берген келишимдерди иштеп чыккан.