Философия сабагынын профессору аудиторияга келип, студенттердин алдына беш литрлик бир бош банканы коёт да, сабактын темасы убакыт жөнүндө болорун айтат. Андан кийин диаметри 3-4 сантиметрден кем болбогон таштарды алып, банканы толтурат да, отурган студенттерден сурайт:

— Карагылачы, банка толдубу?

— Толду, дешет баары бир ооздон.

Профессор унчукпастан буурчак толгон пакетти алып чыгат да, аны банкага сала баштайт. Буурчактар таштардын арасындагы боштуктарды толтуруп калат. «Банка толдубу же жокпу?» деп дагы бир жолу сураганда, студенттер: «Эми толду», деп жооп беришет. Профессор шашпай кум салынган кутуну алып чыгат да, банкага сала баштайт. Майда кум буурчактан калган бош жердин баарын толтуруп калат.

— Эми кандай деп ойлойсуңар, банка толдубу?

— Эми толду, бош орун калбады, дешет студенттер.

Мына ошондо профессор башка банкага куюлган сууну алып чыгат да, кум толгон банкага куят. Суу куюлган банка толгондон кийин, профессор студенттерге кайрылып, бул тажрыйбанын мааниси эмне экенин сурайт. Студенттердин баары ийиндерин куушуруп, көргөндөрүн убакытка байланыштыра алышпайт. Ошондо профессор мындай дейт:

— Мен эми түшүндүрөйүн, бош банка бул силердин жашооңор. Чоңураак таштар жашооңордогу негизги нерселер: үй-бүлө, денсоолук, бала-чака… Булар, башкасы жок болсо да, жашооңорду толтурган нерселер болуп эсептелет. Буурчак болсо силердин өзүңөр үчүн гана өтө маанилүү болгон нерселер, мисалы: иш, жеке унаа, үй-жай… ал эми кум бардык башка майда-чүйдө нерселер. Эгерде банканы башынан кумга толтурганыбызда, буурчак дагы, таштар дагы батпай калмак. Ошондуктан жашоодо бардык нерсени өз убагында жасоо керек. Майда-чүйдө нерсенин артынан жүрө берген адам жашоодогу негизги «таштарды» ордуна жайгаштыра албай калат. Тагыраак айтканда, ден-соолугун чыңдап, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон адам каалаган учурда эс алып, достору менен жолугушуп, конокко барып ж. б. иштерин аткара берет. Ошондуктан жашоодогу эң маанилүү болгон нерселерди өз убагында аныктап алуу керек.

Интернет булактарынан алынды.