Коом

«ӨРҮКЗАР» коомдук фонду Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрына жардам берди

Баткен облусундагы музыкалык-драма театрга  Россия жергесинде эмгектенген мекендештер тарабынан түзүлгөн «ӨРҮКЗАР» коомдук фонду жардам берип, суу сактоочу жай куруп беришүүдө. Бул тууралуу мекеменин  эмгек жамааты Фейсбук баракчасына ыраазычылык билдирүү жазып калтырышты.

“Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Россияда иштеп жаткан мекендештерибиздин «ӨРҮКЗАР» коомдук фондуна бизге көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин маданиятка, театрга кошкон салымыңыздардын артынан бизге, тактап айтканда бүтүндөй Баткен облусун маданий жактан тейлөөчү бирден-бир маданий ордонун өтө зарыл болгон муктаждыгы жоюлуп жатат. Элибизде «Суу — өмүрдүн булагы» — деп айтат эмеспи. Кудай буйруп, суу сактоочу жайыбыздын курулушу соңуна чыгайын деп калды. Театрдын эмгек жалпы жамааты”, — деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button