Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине 12 миллион сомдон ашуун кошумча акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева билдирди.

Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган.

«Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом төлөнсө, апрелде 639 медицина кызматкери 10 миллион 344 миң сом кошумча акы алышты», — деген Шамеева.

Ошону менен бирге, «коргонуучу каражаттын жетишсиздигинен медкызматкерлер коронавируска көбүрөөк чалдыгып жатышат» деген маалыматты төгүндөгөн.

«Оору алгач башталганда коргонуучу костюмдарды табуу кыйын болду. Аргасыздан тигүү цехтерине тиктире баштаганбыз. Кийин өкмөт тендерсиз эле коргонуучу формаларды, антисептик, бет каптарды сатып алууга уруксат берген. Учурда баары жетиштүү», — деди ал.

Белгилүү болгондой, Нарын облусу өлкө боюнча вирус көп катталган аймактар арасында үчүнчү орунда турат. Бул аймакта вирус жуктургандардын саны 300дөн ашты.