Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагындагы 2-июнга чейинки аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан жаабайт.

31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

1-июнда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн.

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаары

30-31-май күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

1-2-июнь күндөрү борбор калаада жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

30-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райодорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.

31-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Алай өрөөнүнүн чыгышында өткүн өтөт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

2-июнда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

31-майда жана 1-июнда түнкүсүн жаан жаабайт.

1-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-31-майда тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

31-майда жана 1-2-июнда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусу

30-майда айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан жаабайт.

1-июнда күндүз жана 2-июнда айрым райондордо өткүн өтүшү мүмкүн.