Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында 28-май күнү саат 19:00 чамасында катуу шамал катталып (ылдамдыгы такталууда) Алма айылында 1 турак үйдүн, 2 бастырманын жана А.Сатаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын учуруп кеткен.

ӨКМ маалымдагандай, жеринде Ноокен райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүрүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.

Кошумча тактоо иштери 29-май күнү улантылат.