Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 28-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Сай айылында ички чарбалык унаа жолдун  8 метр жана Ак-Сай-Достук унаа жолунун 40-чакырымынын 10 метр алалыгын суу каптап, кум шагылга толтурган.

Мындан сырткары Ак-Шагыл тилкесинде айдоо аянттарды суу каптаган. Жеринде тактоо иш-чараларына айыл аймактан 1 кызматкер тартылган.