Алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кадыр баркын тушурууго белсенген саясий кучтор баш которо баштады. Ал ортодо Атамбаевди айга кунго тенеп, азыркы президентке коо жабууга аракеттенгендерге алардын айырмачылыктарын эске салып койгубуз келет.

Атамбаев президент кезде президенттик кортежди ак уйго жиберип коюп, озу каалаган убагында туруп, же ынгайына жараша жумушка келчу. «Атамбаев жумушка баратат» деп пиар жасаш учун борбордун жолдору тосулуп, бош машинелер зуулдап отот эле. Азыр андай эмес. Бийликтин эн жогорку эшолону болгон президенттик кортеж элге тоскоолдук жаратпас учун саат танкы жетиден откондон кийин ак уйдо болот.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков эртен менен эрте келип, кечинде кеч кетет. Резиденцияга жатып алып, иш бутуруу деген жокко эсе. Экинчи, Атамбаев убагындагыдай комур, алтын, курулуш чуусу факты жузундо жокко чыкты. Тендерлердеги «серый схемалар» кан буугандай токтоду. Баягыдай «шоопуру, жансакчысы» деген тушунуктор жок. «Паланча, Пастанчаевичке пара бердим» дегендер бугунку куну дымы чыкпайт. Бийлик «трезвый». Президент С. Жээнбеков кайда барып суйлобосун «хайп» издебейсин. Атамбаев барган жеринен эле балп эттирип салып, Анжеликадай эле хайп болуп калчу.

Азыр бийликтин салмактуулугу арта баштады. Сырткы мамилелерде салкын кандуу жана сабырдуу дипломатия орун алды. Эмоцианалдуу жана кескин шарттагы дипломатия дайым эле ийгилик алып келбесин билдик. Азыркы президентти бизнесмендер курчабай мамлекеттик ишмерлер тегерегине топтоло баштады. Ал эми Атамбаевди жалан бизнесмендер тегеректеп, ал тургай озу айтмакчы «бизнесмендердин уйунон клубника жеп, Бабановдон дайым сиздин ден соолугунуздун урматына деген» смстер келип калган. Азыр коррупция менен курош реалдуу жолго коюлду. Паракорлор социалдык статусуна карабай жоопко тартылып жатат. Азыр бийликтеги чиновниктер пара алмак тургай ал жонундо суйлошуудон качып калышты. Бул да болсо азыркы бийликтин ийгилиги…