Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Маалыматка караганда, порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Андагы маалыматты Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык аймактарында онлайн көрсө болот. Ошону менен бирге, бала асырап алууну каалаган жарандар ошол эле портал аркылуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Багып алгысы келген бала менен жолугушуу үчүн жана аны асырап алуу боюнча электрондук түрдө уруксат алса болот.