Жалал-Абад областынын аймагында милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындаштыруу максатында бир топ жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин жетип барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштер алып барылып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жеринде каралууда.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, кырсыктардын алдын алуу багытында ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милициянын көчмө кабылдамасынын негизги максаты эл арасындагы арыз-даттанууларды жеринде кабыл алуу болуп саналат.

Эске салсак ЕККУ тарабынан Жалал-Абад областы боюнча 5 атайын жабдылган автоунаа берилип, азыркы учурда да күйүүчү майын камсыздоо жагынан бир топ колдоо көрсөтүп келишет.