КоомСаясат

Чет өлкөдө иштеген мекендеш Абылгазиевдин өмүр баянындагы таң калыштуу фактыны таап чыкты

Бүгүн, 29-майда АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянын окуп чыгып, кызыктуу фактка туш болгонун facebook социалдык тармагындагы баракчасына төмөндөгүдөй пост кылып жазып чыкты.

“Кызыкчылык үчүн мен премьер-министрдин өмүр баянын окуп, аябай кызыктуу бир факт таптым.

Өмүр баянында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес бөлүмүн аяктаган деп айтылат.

1993-жылы ачылган Кыргызстан эл аралык университети 1997-жылы өзүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрүн уясынан чыгарган.

Мен ушул окуу жайдын экономика жана бизнес факультетинин биринчи 60 студентинин катарында болчумун, мен староста болгондуктан, алардын бардыгынын аты-жөнүн так билем. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Мен бир нече курсташтарым менен да такташтым, Абылгазиев алардын да эсинде жок. Кыргызстан эл аралык университетинде сырттан окуу бөлүмү да болгон эмес.

Кызык, Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университеттин дипломун кантип алды? Бирок таң калып эмне, биздин өлкөдө баары мүмкүн.”

Айбек Хакимов, АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button