Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен индиялык студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов кабарлады.

Анын айтымында, четөлкөлүк студент дарыяга 29-майга караган түнү саат 3:00дөр чамасында агып кеткен. Издөө иштеринен кийин студенттин сөөгү эртең мененки саат 9:30да Абсамат Масалиев атындагы эстеликтин тушунан табылган.

Четөлкөлүк жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Күбөлөрдүн айтымында, индиялык студент сууга мас абалында түшкөн. Ал буга чейин, медициналык окуу жайда 3-курста окуп, Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү батирде жашап келген.