Кечээ, 29-майда Жогорку Кеңештин депутат Алтынбек Сулайманов интернет жылдызына айланып, “географ” атка конгон Кайрат аттуу  үй жайсыз, документтери жок жаран паспорт алып бергенин өзүнүн соцтармактагы баракчаларына жарыялады. Бул маалымат чыгаары менен Интернет колдонуучулары ар кандай пикирлерди билдирип баштады. Көпчүлүгү депутаттын сооп иш кылганан колдоого алса, кай бири мамлекет өз жарандарына жарандык бере албай жатышы одоно көрүнүш деген сындарды айтууда. Бул көрүнүш бүгүнкү карапайым адамдардын документ ала алууда бир топ тоскоолдуктарга кабылып жатканынан кабар берген чоң картина болуп калды.

https://www.instagram.com/p/CAuyak1gWH7/

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо үй жайы жок жарандардын канчоосуна документ алышты? Канчоосу ала албай ара жолдо жүрөт? Кайрат мырзадай күн кечиргендөргө кандай жардам берилүүдө? Бул суроолор ачык бойдон турат. Анткени аталган Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысына канча ирет байланышка чыкканыбыз менен кол телефонун коюп салып, жооп алууга майнап чыккан жок. Эл үчүн иштеген мекемелер элге ачык маалымат бергени милдеттүү. Эмесе биз паспорт маселесине кайрадан кайтып келели. Жарандыгын тастыктаган документ алууда сөзсүз таасирдүү адам болушу керекпи? Деген суроонун айланасында коомчулуктун пикири менен эсептешип көрөлү деп чечтик.

Миржан Балыбаев, журналист: Канча жылдан бери документ ала албай, таасирдүү депутат кийлигишкенде гана чечилгени жакшы көрүнүш эмес

Депутат паспорт жасатып берип жакшы иш жасаптыр, азамат! Бирок, адам экенин, өлкөнүн жараны экенин ырастаган документти ушунча жылдан бери ала албай жүрүп, анан таасирдүү депутат кийлигишкенде гана маселе чечилгени нормалдуу көрүнүш эмес!
Мамлекет айттырбай жасоого милдеттүү болгон иштин аткарылганына сүйүнүп, аны сөз кылып жатабыз.

Роза Таберикова: Паспорт алыш үчүн сөзсүз көчөдө калыш керекпи?   

Паспорт алыш үчүн сөссүз эле көчөдө калыш керекпи. Жаңы төрөлгөндөр канча, туулгандыгы тууралуу күбөлүк да ала алышпай, тергеп айтып аран аласың. Акчаң үчүн көрсөтүп, өз жериңде, өз элиңде! Ушул күндөргө жеттикпи, эх кыргыздарым ай, албетте өкүнүчтүү!

— Клара Сооронкулова, укук коргоочу: Паспорт алуу мурдагыдан жеңилдеди

— Алтынбек Сулаймановдун карапайым бир жаранга документин бүтүрүп беригенин көрүп ичим жылыды. Мен дагы колуман келсе ушундай сооп ишти жасамак элем. Азыр мурунку жылдарга салыштырмалуу паспорт алуу бир топ эле жеңилдеди. Таасирдүү адамдын кийлигишүүсү менен паспорт алды деп бул жерден жеке пикирими сын тагуугу жатпайт. Балким ал жаран документин жоготуп алгандыр. Бир жагынан шайлоо алдында албетте пиар десе дагы болот. Муну бир эмес бир нече адамдар шайлоого жакын ар кандай амалдарды колдонуп жатат да.

Каниет Жыргалбеков, теле алып баруучу: Тааныш болсо танка заман болуп калды

— Тааныш болсо танка болгон заман! Миржан байкенин айтканына толук кошулам, депутатка окшоп жылдап ала албай жүргөндөр толуп жатат! Мамлекет ушундай кылып атса булар ичип, булар бомж болбогондо ким болот?!

Булак: kadam-media.kg