Быйыл Кыргызстанда жалпы 1 млн 219 миң гектар жерде айдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дан эгиндери 646,4 миң гектар жерге эгилди.

«Быйыл жашылчанын аянты 54 миң гектарга, бакча өсүмдүктөрүнүн аянты 11 миң гектарга чейин жеткирилип, ал былтыркыга караганда 600 гектарга көп. Ошондой эле сулу менен күрүчтүн аянттары көбөйтүлдү», — деди Чодуев.

Ал билдиргендей, быйыл көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 386,6 миң гектарды түздү.

«Быйыл өлкө боюнча айдоо жерлеринин аянты 1 млн 219 миң гектарга жетти. Ал былтыркыга салыштырмалуу 2,3 миң гектарга көп», — деди министр.