Австралияда сексуалдык фантазия үчүн жалданган эки адам кардардын үйүнө киребиз деп барышып дареги боюнча жаңылып калышкан.

2019-жылдын июль айында Жаңы Түштүк Уэльс штатынын Гриффит шаарынын тургуну «Фейсбук» аркылуу эки адамды жалдаган: оюндун шарты боюнча алар анын үйүнө байкатпай кирип келишип, колу-бутун байлап, швабра менен кытыгылоосу керек болчу. Бул үчүн алар 5 миң австралиялык доллар (3 300 америка долл.) алышмак.

Кызыгы, мына ушундан кийин  кардар өз буюртмасын унутуп калган жана көп өтпөй 50 км алыс жерге көчүп кеткен. Анын мурдагы үйүндө жашап жаткан киши таң эрте көзүн ачып, керебетинин жанында бычак кармаган эки адам эңкейип аны карап, уйкудан ойгонуусун күтүп турушкандыгын байкаган.

Кирип келген эки адам үй ээсинин атын уккандан кийин жаңылып калышкандыгын айтып, кечирим сурап чыгып кетишкен жана эртеси буюртманын чыныгы ээсин таап барышкан. Кызыгы, алардын артынан эле үйгө полиция кызматкерлери кирип келген. Аларга мурдагы үйүн сатып алган адам билдирүү жасагандыгы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, австралиялык ММКлардын билдирүүсү боюнча  оюн көрсөтмөкчү болгон эки эркектин бири жакында «Чоочун үйгө курал менен кирүү жөнүндө» берене боюнча акталып чыккан.