Миланда 18-майда доктурлар коронавирус менен ооруган 18 жаштагы бейтапка өпкө трансплантациясын жасашкан. Бул тууралуу италиялык Focus басылмасы кабарлады.

Жаш пациент эки ай бою Сан-Рафаэла ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан.

Доктор Марио Нозоттинин айтымында, бейтапты трансплантация аркылуу гана сактап калууга мүмкүн болгон, анткени анын өпкөсү дээрлик толугу менен жабыркап, ал жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып калган.

«Өпкө трансплантациясы — оор операция, бирок коронавирус менен ооругандар мындай кыйын кырдаалда бизди   жаңы көйгөйлөргө туш кылып, операция жасоого мажбур болдук,» — деди ал.

Операциядан мурун, бейтап коронавируска каршы дарылоодон өткөн. Вирус толугу менен жок болгондон кийин, дарыгерлер донор издей башташтаган.

Операция 10 саатка созулуп, аны эки топтон  турган дарыгерлер жасашкан. Инфекциядан коргоонуу үчүн дарыгерлер эки кабат бет кап, коргоочу кастюмдар жана эки кат кол каптарды кийип иштешкен. Бул хирургдар үчүн кошумча кыйынчылыктарды жараткан, бирок операция ийгиликтүү болгон. Азыр бейтап реанимацияда өз алдынча  дем ​​алууну калыбына келтирүү үчүн физиотерапиядан өтүүдө.